Блогер Батмакан Жолболдуева убактылуу кармоочу жайда кан тамырын кести

  • 2 года мурун

Журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмү боюнча Баткенде убактылуу кармоочу жайда суракта жаткан блогер Батмакан Жолболдуева кан-тамырын кесип жиберди.

Бул тууралуу 24kg агенттигине адвокат Назгүл Сүйүнбаева билдирди.     

Адвокаттын айтымында, Баткен облустун соту мурунку инстанциядагы соттун блогерди камакта кармоо чечимин күчүндө калтырган.

Ошондой эле адвокат блогердин убактылуу кармоочу жайдын башчысы жана кызматкерлер тарабынан кысымга жана коркутууга дуушар болгонун айтканын билдирген.  Убактылуу кармоочу жайдын башчысы менен сүйлөшкөндөн кийин, блогер Батмакан Жолболдуева кан-тамырын кесип жиберген.  

Журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө байланыштуу 28-мартта камакка алынган ”Батма-бат” YouTube каналынын автору Батмакан Жолболдуева бир айга камакта калтырылган.

25-мартта AKИpress маалымат агенттигинин аймактык кабарчысы Арзыгүл Галымбетова көз жумган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты