Блогер Али Эргешевге 70 миң сом айып салынды
- 2 месяца мурун
Жалал-Абад шаардык соту блогер Али Эргешевди кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси боюнча күнөлүү катары 70 миң сом айып пул салды.
Мындай чечим 24-майда чыкканын Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Блогер Али Эргешев үч ай мурда үй камагына чыккан. Жалал-Абад шаардык сотунун тергөө судьясынын 15-февралдагы токтому менен Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү Б.Днын өтүнмөсү жарым-жартылай канааттандырылды.
Али Эргешев күч органдары тарабынан кармалганын Инстаграмдагы баракчасы аркылуу билдирген.
Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы эркин блогер Али Эргешев кармалганын 13-февралда эл аралык “Манас” аэропортунан милиция кызматкерлери адамды жүзүнөн тааныган видеобайкоонун жардамы менен кармаган.
Министрлик ал 2023-жылдын май айында болгон бейбаштык окуясы боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында кармалганын, Жалал-Абад шаардык сотунун токтомуна ылайык, камалганын билдирди. Ага кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен иш козголуп, издөө жарыяланганын маалымдаган.
Али Эргешев — Ютубдагы “Эл билсин” каналынын автору. Ал Кыргызстандагы тамактануучу жайлардын санитардык абалы, мамлекеттик мекемелердин калкка көрсөткөн кызматынын сапаты тууралуу видеолорду жарыялап келет. Каналдын 135 миң катталуучусу бар.
Сүрөт: Социалдык тармактан