Блогер Али Эргешев үй камагына чыкты
- 5 месяцев мурун
Блогер Али Эргешев үй камагына чыкты. Бул тууралуу «ПолитКлиника» медиасына Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз кызматы тастыктады.
Жалал-Абад шаардык сотунун тергөө судьясынын 15-февралдагы токтому менен Жалал-Абад ШИИБинин тергөөчүсү Б.Днын өтүнмөсү жарым-жартылай канааттандырылды.
Эргешев 13-мартка чейин үй камагына алынды. Ал сот залынан камактан бошотулду.
Блогер Али Эргешев күч органдары тарабынан кармалганын Инстаграмдагы баракчасы аркылуу билдирген.
Муну бөлүшүү