Блогер Али Эргешев күч органдары тарабынан кармалганын билдирди

  • 5 месяцев мурун

Блогер Али Эргешев күч органдары тарабынан кармалганын Инстаграмдагы баракчасы аркылуу билдирди.

«Бизди күч органдары аэропорттон издөөдө экенсиңер деп токтотушту. Буга чейин эч ким кабар берген эмес. Кармоону журналисттик ишмердүүлүгүбүзгө байланышы бар деп эсептейм», — деди ал.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы эркин блогер Али Эргешев кармалганын «Азаттыкка» ырастады. Маалыматка ылайык, аны 13-февралда эл аралык “Манас” аэропортунан милиция кызматкерлери адамды жүзүнөн тааныган видеобайкоонун жардамы менен кармаган.

Министрлик ал 2023-жылдын май айында болгон бейбаштык окуясы боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында кармалганын, Жалал-Абад шаардык сотунун токтомуна ылайык, камалганын билдирди. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен иш козголуп, издөө жарыяланганын маалымдады.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты