Бишкектин борборунда митинг өткөрүүгө салынган тыюу 2-декабрга чейин узартылды

  • 2 года мурун

Бишкектин борборунда митинг өткөрүүгө салынган тыюу  2-декабрга чейин улантылды. Мындай чечимди Биринчи май райондук соту кабыл алды. 

Буга чейин мындай чектөө 1-сентябрга чейин  күчүндө болчу. Ала-Тоо аянтында, Жогорку Кеңештин, президенттик администрациянын, УКМКнын жана Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин имараттарынын жанында митинг өткөрүүгө тыюу салынат. 

Тынчтык митингин Горький сейил багында гана өткөрүүгө болот.

30-августта Бишкектин Эски аянтында активистттер Адилет Балтабайдын, Ырыс Жекшеналиев, Мелис Аспеков, Амангелди Артыков, Тилекмат Куреновдун бошотулушун, Батмакан Жолболдуева менен Болот Назаровго козголгон кылмыш ишинин токтотулушун жана башка саясий куугунтукка алынып, камалгандардын абактан чыгарылышын талап кылгандар митингге чыгышкан. Митинг жүрүп жатканда укук коргоо органдары 1-сентябрга чейин Биринчи май районунун аймагында митинг өткөрүүгө тыюу салынарын эске салып, митингди токтотууну талап кылышкан.  

Андан кийин митинг Горький атындагы сейилбакта улантылды.

Сүрөт: 2022-жылдын 30-августундагы митингден. «ПолитКлиника».

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты