Адилет Балтабай, Ырыс Жекшеналиев жана башка саясий куугунтукка алынып, камалгандардын чыгарылышын талап кылгандар митингге чыгышты

Бүгүн, 30-августта, Бишкектин Эски аянтында активистттер Адилет Балтабайдын, Ырыс Жекшеналиев, Мелис Аспеков, Амангелди Артыков, Тилекмат Куреновдун бошотулушун, Батмакан Жолболдуева менен Болот Назаровго козголгон кылмыш ишинин токтотулушун жана башка саясий куугунтукка алынып, камалгандардын абактан чыгарылышын талап кылгандар митингге чыгышты.

«Адилет Балтабай, Ырыс Жекшеналиев, Тилекмат Куренов, Амангелди Артыков жана башкаларды эркинен ажыратып, адилетсиз камалып отурат. Адилет Балтабай казино ачылбашы керек дегени үчүн камалган. 2-сентябрда сот болот, ага чейин анын жана башка саясий куугунтук болгондордун чыгарылышын талап кылабыз” деди активист Бурул Усманалиева.

Митинг жүрүп жатканда укук коргоо органдары 1-сентябрга чейин Биринчи май районунун аймагында митинг өткөрүүгө тыюу салынарын эске салып, митингди токтотууну талап кылышты.  

Андан кийин митинг Горький атындагы сейилбакта улантылды.

Адилет Балтабай 30-июнда «массалык башаламандыкка чакырык жасаган» деген айып менен камакка алынган. Бишкектин Биринчи май райондук соту активистти бир айга камоо тууралуу өкүм чыгарган. Кийин сот Балтабайдын камактагы мөөнөтүн дагы бир айга узарткан.

14-августта Фейсбуктагы «Полит Узник» баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиев кармалган. Буга УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган видеосун аталган баракчага жайгаштырганы үчүн милицияга чакырылып, камалганы белгилүү болгон.

Блогер Ырыс Жекшеналиев эки айга камалган.

Свердлов райондук соту 2021-жылдын 21-августунда активист Тилекмат Куреновду бир жарым жылга эркинен ажыраткан.

Мындан сырткары ал шайлоочуларды сатып алуу боюнча күнөөлүү деп табылып (КР Кылмыш-жаза кодексинин 192-беренесинин 2-бөлүгү боюнча) 6 айга эркинен ажыратылды. Жалпы жонунан сот ага бир жарым жыл жаза мөөнөтүн берди.

Активист Тилекмат Куренов 2021-жылы 15-мартта кармалган. Ал 2020-жылдын июнь айында, Жетим-Тоо кенин иштетүүгө жана жаңы Конституциянын кабыл алынышына каршы болуп, депутаттардын жана Президенттин ишин сындап келген.

2020-жылдын Октябрь окуясынан кийин бийликке келген Садыр Жапаровдун тарапташы болгон Аспеков 2021-жылдын январында «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен «250 миң доллар талап кылган» деген шек менен кармалган. Буга байланыштуу ага кылмыш-жаза кодексинин (2017-жылдагы редакция) «Опузалап талап кылуу» деген 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту менен кылмыш иши козголгон.

Кийин ал ишке «15 миң долларды мыйзамсыз алуу жана Кара-Балта шаарында батирди кайра сатуу» деген айып боюнча ошол эле кодекстин «Алдамчылык» деген 204-беренесинин 3-бөлүгү кошулган.

Быйыл 23-мартта Биринчи Май райондук соту Аспековду күнөөлүү деп таап, «Опузалап талап кылуу» беренеси боюнча алты, «Алдамчылык» боюнча да алты жыл чегерип, жалпылап жыйынтыктаганда жалпы режимдеги колонияга жети жылга эркинен ажыратуу өкүмүн жарыялаган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты