Бишкектин башкы планы: Коомдук угуу жыйындары башталды

  • 3 месяца мурун

Бишкек шаарын «Тунгуч» театрында Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки башкы планынын долбоору боюнча коомдук угуу жыйындары башталды. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Иш-чара мэр Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы алдында өтүп, долбоорду иштеп чыккан илимий-изилдөө институтунун өкүлдөрү, долбоордун жетекчиси Ирина Гришечкина катышты.

Коомдук угууларга Ленин жана Биринчи май райондорунун тургундары чакырылып, алар долбоордун негизги жоболору менен тааныштырылды. Ошондой эле жыйынга IV элдик курултайдын делегаттары жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары катышты.

Шаар мэри башкы планды иштеп чыгууда эл аралык тажрыйба эске алынганын белгиледи. Анын айтымында, Бишкекти 2050-жылга чейин өнүктүрүүнүн концептуалдык планы япониялык Nikken Sekkei компаниясы тарабынан даярдалган.

«Андан кийин ишке Санкт-Петербург шаарындагы пландоо боюнча илимий-изилдөө институту тартылды. Бул институттун эл аралык тажрыйбасы чоң: алар 700дөн ашык башкы планды иштеп чыгып, анын 95 пайызы бекитилген. Алардын көз карандысыз жана объективдүү позициясы биз үчүн абдан маанилүү. Адистер шаардагы чыныгы абалды колдонулуп жаткан нормалардын алкагында көрсөтүп беришүүдө» деп белгиледи мэр Жунушалиев.

Ачык-айкындуулукту  камсыз кылуу жана шаар тургундарын кеңири тартуу максатында genplan.bishkek.gov.kg  атайын сайт түзүлүп, анда долбоордун материалдары жайгаштырылып, калк арасында сурамжылоолор өткөрүлгөн.

2025-жылдын 25-октябрында Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки Башкы планынын долбоору мэриянын расмий сайтына коомдук талкуу үчүн жарыяланган. Бүгүнкү күнгө чейин муниципалитетке шаар тургундарынан 370 сунуш жана эскертүү келип түшкөн. Мындан тышкары, 2025-жылдын 27-октябрынан тартаып жарандар долбоор менен кагаз түрүндө да тааныша алышууда, 91 адамга маалымат берилди.

Жыйын «суроо–жооп» форматында улантылып, анда шаардыктар шаардык кызматтардын өкүлдөрүнөн жана долбоорду иштеп чыгуучулардан кеңири түшүндүрмөлөрдү алышты.

Бүгүн, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Гуля Кожокулова Бишкектин көчөлөрү автотоктотуучу жолго айланып калганын, стратегиялык маселелер чечилбей, борбор шаардагы калктын саны көзөмөлсүз калганын жана башка көптөгөн социалдык объекттер боюнча маселе бар экенин белгиледи.

Сүрөт: Башкы планды талкуулоо учуру. bishkek.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты