Депутат Кожокулова Бишкектин баш планы, тарыхый-архитектуралык эстелик объектилерин сактоо маселесин көтөрдү

  • 3 месяца мурун

Бүгүн, 24-декабрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин Кыргызстандын келерки жылдарга бюджети тууралуу баяндамасын талкуулоо учурунда №22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча депутат Гуля Кожокулова Министрлер кабинети Бишкек шаарынын башкы планын иштеп чыгууда кандай роль ойноп жаткандыгы, борбор шаарда тарыхый-архитектуралык эстелик объекттери бузулуп жаткандыгы тууралуу маселе көтөрдү.  

Адылбек Касымалиев Бишкек шаарынын башкы планын иштеп чыгуу боюнча Бишкек шаарынын мэри алектенип жатканын айтты.

Курулуш жана архитектура министри Нурдан Орунтаев Бишкек шаарынын генералдык планы боюнча Бишкек шаарынын мэриясы заказчы болуп, ал эми генпланды иштеп чыгуу боюнча Санкт-Петербург институту иш алып барып жатканын билдирди. Министрлер кабинети тараптан курулуш министрлиги алектенип, өз эскертүү, сунуштарын берип жатканын кошумчалады.

Депутат Кожокулова бул стратегиялык план, борбор шаар экенин белгиледи. Бишкектин көчөлөрү автотоктотуучу жолго айланып калганын, стратегиялык маселелер чечилбей, борбор шаардагы калктын саны көзөмөлсүз калганын жана башка көптөгөн социалдык объекттер боюнча маселе бар экенин белгиледи. Мамлекетик ипотекалык турак жайды аймактарга да салып, Бишкек шаарынан кете баштоо жагдайы жаралганын да айтып өттү.  Мамлекеттик ипотеканын баасы рынок баасынан анча деле айырмаланбайт. Ошону менен бирге мамлекеттик компания жер тилкелерин акысыз алып жатат. Депутат бул жагы өкмөт тарабынан неге көзөмөлгө алынбайт деген суроо койду.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын өкүлү турак жайдын баасы базар баасынан эки эсе арзан экенин айтты. Аймактарда да турак жай курулуп жатканын белгиледи.

Гуля Кожокулова маданият министрлигине тарыхый-архитектуралык эстеликтер объектилерине, анын ичинде кечээ жакындагы фонтан, мемориал, мозаика ж.б. келтирилген залака тууралуу да суроо узатты.

Маданият министри Мирбек Мамбеталиев бул маселе боюнча анализ жүргүзүлүп жатканын, укук коргоо органдарына тиешелүү кайрылуу берилгенин, тарыхый-архитектуралык эстеликтер боюнча Москвадан архитекторлор менен сүйлөшүлүп жатканын айтты.

Депутат Гуля Кожокулова тарыхый-архитектуралык эстеликтерди жок кылгандар кылмыш-жаза кодексинин 175-беренеси менен кылмыш жоопкерчилигине тартыларын белгилеп, Башкы прокуратурага суроо салды.   

Сүрөт: kenesh.kg     

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты