Бишкектеги Усубалиев атындагы аянтта айт намазы окулду
- 3 месяца мурун
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-майда, Курман айт майрамына карата окулган Айт намазына катышты.
Майрамдык намаз Бишкек шаарындагы Турдакун Усубалиев атындагы Эски аянтта миңдеген кыргызстандыктардын катышуусунда окулду.
Бишкек шаарында быйылкы жылы курман айт намазы Турдакун Усубалиев атындагы аянтта окулат.
Мурда маалымдалгандай, курман айт 27-майда өтүп жатат.
Курман айт менен Меккеге ажылык зыярат кылуу жөрөлгөсү аяктайт. Бул күнү курмандык чалынып, арбактарга арнап куран окулат.
Курман айт намазы мурдагы жылдарда мечиттерде окулуп келген.
Сүрөт: president.kg
Муну бөлүшүү




