Бишкекте “Яндекс.Таксинин” айдоочулары нааразылык акциясына чыгышты

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 2-декабрда, “Яндекс.Такси” кызматынын айдоочулары нааразылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.

Бишкектеги кеңсенин алдына чыккан 50дөн ашык айдоочу “Яндекс.Такси” 21% комиссия алып жатканын, бул коңшу Казакстанга салыштырмалуу үч эсе көп экенин айтышты.

Алар өлкө бийлигине кайрылуу жолдоп, компаниянын ар бир чакыруудан алынчу комиссияны 21% пайыз эмес,7% кылып түшүрүүнү талап кылышты.

28-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев «Яндекс такси» кызматы тууралуу маселени көтөрдү. Депутат учурда бул кызмат такси айдоочулардан алган комиссиясынын баасын улам жогору көтөрүп жатканын айтып, аталган кызматтын ишин жөнгө салууну суранды.

«Мен азыр миңдеген такси айдоочуларынын өтүнүчүн, суроосун, талабын айтайын деп жатам. Урматтуу Алмазбек Акунжанович, ушул маселени мен экинчи ирет кайрылып атам. Анткени азыр чын эле «Яндекс такси» Кыргызстанда өздөрүнүн тармагындагы рыноктун 90%дан ашуунун ээлеп, монополист катары катталды. Башында абдан аз комиссия менен рынокко кирген. Азыр баасын улам көтөрүп отуруп, мына ушул күндөрү таксопаркты кошкондо комиссия 21%га чейин жетти. Миңдеген биздин такси айдоочулар көбүнчө эле яндекс таксиге иштеп берип жатышат. Башында 10%га көтөрдү, 15%га, анан 17%га көтөрдү. Мына ушинтип баасы асманды чапчып келе жатат. Биздин абдан көп жарандар, миңдеген такси айдоочулар кайрылып атышат. Алардын бардыгы бирөөнүн машинесин ижарага алып, айдап жүрүшөт. Эмне үчүн ушул 21%га чейин жетип калды? Эмнеге ушуга чара көрүлбөйт?» деп билдирди Акаев.

29-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «Яндекс. Такси Корп» компаниясынын кеңсесинде тинтүү жүргүзгөн.

Маалыматка ылайык, тинтүү өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн.

«Яндекс. Такси Корп» компаниясы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тарабынан ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуу фактысы боюнча козголгон кылмыш иши тууралуу маалымат берген. Маалыматта айтылгандай, аталган компания бул айыптоолорго макул эместигин, Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык иштээрин жана салыктарды толугу менен төлөөрүн билдирген.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты