УКМК «Яндекс таксиге» кылмыш ишин козгоп, кеңсесин тинтүүгө алды

  • 2 недели мурун

29-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «Яндекс. Такси Корп» компаниясынын кеңсесинде тинтүү жүргүзгөн. Бул тууралуу аталган кызмат билдирди.

Маалыматка ылайык, тинтүү өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн.

«Яндекс. Такси Корп» жана анын өнөктөштөрү Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан бир нече жолу көрүлгөн чараларга карабастан, жеке ташуу (такси) менен алектенген автомашиналардын айдоочуларына пайыздык чендерди негизсиз жогорулатышкан. Буга байланыштуу такси кызматынын баасы жасалма түрдө жогорулатылып жатат»,- деп билдирди УКМК.

Учурда кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн аталган мыйзамсыз аракеттерге катыштыгы бар адамдарды аныктоо боюнча иштер жүрүп жаткандыгы айтылды.

Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты