Жанар Акаев: «Яндекс таксинин» комиссиясы асманды чапчып жогорулап жатканын жөнгө салуу керек
- 2 недели мурун
Бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев «Яндекс такси» кызматы тууралуу маселени көтөрдү. Депутат учурда бул кызмат такси айдоочулардан алган комиссиясынын баасын улам жогору көтөрүп жатканын айтып, аталган кызматтын ишин жөнгө салууну суранды.
«Мен азыр миңдеген такси айдоочуларынын өтүнүчүн, суроосун, талабын айтайын деп жатам. Урматтуу Алмазбек Акунжанович, ушул маселени мен экинчи ирет кайрылып атам. Анткени азыр чын эле «Яндекс такси» Кыргызстанда өздөрүнүн тармагындагы рыноктун 90%дан ашуунун ээлеп, монополист катары катталды. Башында абдан аз комиссия менен рынокко кирген. Азыр баасын улам көтөрүп отуруп, мына ушул күндөрү таксопаркты кошкондо комиссия 21%га чейин жетти. Миңдеген биздин такси айдоочулар көбүнчө эле яндекс таксиге иштеп берип жатышат. Башында 10%га көтөрдү, 15%га, анан 17%га көтөрдү. Мына ушинтип баасы асманды чапчып келе жатат. Биздин абдан көп жарандар, миңдеген такси айдоочулар кайрылып атышат. Алардын бардыгы бирөөнүн машинесин ижарага алып, айдап жүрүшөт. Эмне үчүн ушул 21%га чейин жетип калды? Эмнеге ушуга чара көрүлбөйт?»,- деп билдирди Акаев.
Ошондой эле депутат Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы бул тууралуу жооп бергенин, аталган кызмат алар берген каттарга жөндүү жооп бербей жатканын билдиргенин айтты. «Эки жолу 13 миң сомдон, болгону 13 миң сомдон айып пул салдык дейт. Булар бизди дагы тоготпой жатат дейт. Ошон үчүн «Яндекс таксинин» ишмердүүлүгүн караш керек. Биз эми ишкердикке, бизнеске тоскоолдук кылып, бут тоскубуз келбейт. Бирок 7% менен кирип, анан 10%, 15% кылып, ушинтип көтөрүлүп кете береби?»,- деди депутат.
Жанар Акаев Казакстанда да ушул көйгөй жаралганын, бирок алар бул маселени чечишкенин айтты. Анын айтымында азыркы учурда Казакстанда «Яндекс такси» монополияга каршы органга маалымат бербегендиги үчүн административдик жоопкерчиликке тартылат. Ошондой эле аталган компания Казакстандын санариптик экосистемасын колдоо боюнча мамлекеттик фондго ыктыяры менен 3 млрд теңге которгон жана ар кандай социалдык долбоорлорду дагы колдоп турушат. Ал эми таксиге суроо талап көп болгон учурда же майрам күндөрү тарифтин коэффициентин Казакстанда 3 эседен ашык жогорулатпайт.
«Бизде ошондой учурда 10 эсе болуп жатат да. Анан Казакстанда такси айдоочуларга «Яндекс такси» кызматы менен түз иштөөгө мүмкүнчүлүк бар. Жанагыдай таксопарктан дагы 4% комиссияны азайтыш керек. Алмазбек Акунжанович, ушул «Яндекс таксинин» комиссиясы улам-улам асманды чапчып жогорулап атканын бир жолго салып, биздин такси айдоочулардын үнүн угасыздар деп ишенем»,- деп кайрылды депутат.
Сүрөт: интернет булактары