УКМК: Мусулмандар дин башкармалыгынын адиси мечит аймагын мыйзамсыз менчиктештирген

  • 10 месяцев мурун

Жалал-Абад шаарындагы мечит аймагын мыйзамсыз менчиктештирип алган Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын (КМДБ) адиси кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Жалал-Абад шаарындагы «Соолихин» мечитинин аймагындагы жер тилкесин мыйзамсыз ээликтен ажыратуу фактылары аныкталды.

“Текшерүүнүн жүрүшүндө 2016-жылы аталган «Соолихин» мечитинин мурдагы имамы Б.А.А., КМДБнын адиси Б.А.А. жана Сузак районунун Ырыс айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы И.К.А. менен ич ара коррупциялык схеманы уюштурушкан. Анын натыйжасында мурда мечиттин унаа токтотуучу жайы катары колдонулуп келген аянты 350 чарчы метр жер тилкеси жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылып, андан соң КМДБнын адиси Б.А.А.нын менчигине кайра каттоодон өткөрүлгөн. Аталган жарандардын бул аракеттеринде одоно мыйзам бузуулар орун алып, ошондой эле аукцион өткөрүү тартиби сакталбаган. Бул көрүнүш кызмат абалынан атайылап кыянаттык менен пайдаланууну жана коррупциялык схеманы ишке ашырууну айгинелейт “ деп айтылат маалыматта.

КМДБнын адиси Б.А.А. УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Ал эми мечиттин мурдагы имамы Б.А.А. жана мурдагы айыл өкмөт башчысы И.К.А.га карата үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

УКМК: Мусулмандар дин башкармалыгынын адиси мечит аймагын мыйзамсыз менчиктештирген
УКМК: Мусулмандар дин башкармалыгынын адиси мечит аймагын мыйзамсыз менчиктештирген
УКМК: Мусулмандар дин башкармалыгынын адиси мечит аймагын мыйзамсыз менчиктештирген

Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты