Бишкекте мечиттерде ымыркайын оорулуу көрсөтүп, кайыр сураган. Баласы оорулуу эмес болуп чыкты

Instagram социалдык тармагына жарыяланган мечиттин ичинде намаз убагында ымыркайы менен отуруп, жарандардан материалдык жардам, кайыр сураган эркек кишинин видео тараган. Милиция аны териштиргенде, ымыркайдын оорулуу экендиги тастыкталган эмес.

Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын (ШИИББ) басма сөз кызматы билдирди.  

Видеожазууда эркек киши ымыркайдын катуу ооруп, дарыланууга муктаж экенин, баланын тамагында «тешик» бар экендигин айтып, жарандардан материалдык жардам, кайыр сурап жүргөн.
Текшерүүнүн жүрүшүндө ымыркайдын оорулуу экендиги тууралуу маалымат тастыкталган эмес. Баланын ден соолугу чың экени, эч кандай оорусу жок экендиги аныкталган.

Бул факты белгиленген тартипте каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү башталган.

Бишкек шаарынын ИИББнын кызматкерлери эркек кишинин тек-жайын аныктаган. Ал 1988-жылы туулган А.Ы. аттуу жаран болуп чыкты. Аны менен бирге 2026-жылы туулган уулу А.М. болгон.

Милиция кызматкерлери тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен биргеликте аталган жарандын жашаган жерине барып, зарыл болгон текшерүү иштерин жүргүзүшкөн. Ошондой эле жашы жете элек баланын жашоо жана багуу шарттары изилденген. Тиешелүү бардык зарыл материалдар жана документтер мындан аркы иш алып баруу үчүн тиешелүү социалдык коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

А.Ы. аттуу жаранга Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренесине (Тилемчилик) ылайык укук бузуу жөнүндө протокол түзүлдү.

Буга чейин социалдык тармактарда мечитте намазга тургандардын катарына туруп алып, колундагы ымыркайын оорулуу деп, ыйламсырап кайыр сураган  кишинин видеосу тараган. Ал бир нече мечиттерде тилемчилик кылган.  

Сүрөт: Соцтармактагы видеотасмадан


Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты