Мусулмандар дин башкармалыгы битир-садагадан түшкөн каражатты бөлүштүрдү

  • 3 недели мурун

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы элден чогулган битир-садаганын бөлүштүрүлүшү боюнча маалымат берди.

Муфтийдин орун басары Талантбек ажы Темирбаев топтолгон битир-садаганын 60 пайызы жергиликтүү мечиттерде, 30 пайызы хатибият жана казыяттарда каларын, калган 10 пайызы гана муфтиятка бөлүнөрүн билдирди. Муфтиятка келип түшкөн жалпы сумма: 6487276,4 (алты миллион төрт жүз сексен жети миң эки жүз жетимиш алты сом кырк тыйын)

Арыз менен кайрылган жарандарга таратылды: Жетим калган 85 кишиге –10 миң сомдон; оорулуу 399 кишиге –7 миң сомдон; муктаж 296 кишиге –5 миң сомдон берилди.

Жалпы суммасы 5123000 (беш миллион бир жүз жыйырма үч миң сом) таратылды. Калган акча муфтияттын курамындагы диний окуу жайларга таратылып берилгенин муфтияттын башкы бухгалтери Толкунбек ажы Жуманов билдирди.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты