Жогорку Кеңеш ЖМК жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду

  • 1 месяц мурун

9-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, кабыл алынды.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев тааныштырды. 

Мыйзам долбоорунда ЖМК каттоонун, кайра каттоо жана алардын ишмердигин токтотуу, маалыматка жетүү мүмкүнчүлүгүнүн, жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишмердигин уюштуруунун ченемдерин жана журналисттердин кесиптик ишмердиги менен байланышкан башка ченемдерди иретке келтирүү сунушталууда.

Депутат Марлен Маматалиев журналисттик ишмердүүлүк менен алектенип жүргөн блогерлердин маселесине токтолду.

Алишер Эрбаев мыйзам долбоорун колдоп, «жалпыга маалымдоо каражаттары», «тармактык басылмалар», «блогер» жана «журналист» деген терминдердин айырмасы так жазылышы керектигин кошумчалады.

Мыйзам долбоорун тааныштырган маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев блогерлер кесипкөй журналист катары эсептелбей турганын, «блогер» деген түшүнүк камтылбаганын белгиледи.

“Жалпыга маалымдоо каражаттары” тууралууу мыйзам долбоорунун жаңы редакциясында онлайн платформалар жана маалымат каражаттары милдеттүү түрдө мамлекеттик каттоодон өтүш керек деген талап алынып салынып, редакция ыктыярдуу түрдө каттоодон өтсө болору, маалымат каражатынын булагын сыр катары сактоо укугу каралган.

Ошондой эле буга чейинки мыйзам долбоорунда ЖМК юстиция министрлиги менен санариптик өнүктүрүү министрлигинен каттоодон өтүшү керектиги жазылса, бул жолку вариантта юстиция министрлигинен гана каттоодон өтүү сунушталды.

Буга чейин Кыргызстандын аймагында маалымат каражаттарын негиздегенде чет өлкөлүк катышуу 50% ашпашы керек деп айтылса, бул жолу мындай норма телеканалдарга тиешелүү деп иштелип чыкты.

Жаңы редакцияда маалымат каражаттарын жоопкерчиликтен бошотуунун жагдайлары такталган. Ага ылайык, маалымат расмий булактан алынса, коомдук жайда айтылган билдирүүнү чагылдырууда жоопкерчиликтен бошотулары көрсөтүлдү.

Ошондой эле мамлекеттик органдардан маалымат алуунун жол-жобосу иштелип чыкты. Анда журналисттер мамлекеттик жана жергиликтүү органдардын ишмердиги тууралуу маалымат сураган учурда үч күндүн ичинде жооп берүүгө, эгерде тактоо зарыл болсо, 14 календардык күн ичинде маалымат бериши керек. Бирок бул тууралуу мамлекеттик орган маалымат каражатына алдын-ала эскертиши зарыл.

Андан тышкары жалпыга маалымдоо каражатынын иши уюштуруучунун же соттун чечими менен гана токтотулушу же токтотулуп турушу мүмкүн экени жазылган.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты