Берлинде Текебаев «Uplift-Aufwind» уюмунун негиздөөчүсү Марен Эрнст менен жолугушту
- 1 месяц мурун
2-3-апрелде Берлинде өткөн майыптар боюнча глобалдык саммитке катышуунун алкагында Германиядагы элчи Өмүрбек Текебаевдин Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлдөрү менен Германиялык «Uplift-Aufwind» кайрымдуулук уюмунун негиздөөчүсү Марен Эрнст менен жолугушуусу болуп өттү.
Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, жолугушууда Кыргызстандагы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга колдоо көрсөтүү маселелери талкууланды. Элчи Текебаев белгилегендей, Кыргызстан БУУнун майыптардын укуктары боюнча конвенциясына мүчөсү катары өлкөдө майыптарды колдоо боюнча тийиштүү аракеттерди көрүп келет.
Талыкпаган эмгеги үчүн Марен Эрнст Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Батыш Салиева атындагы медалы менен сыйланды.
Маалымат үчүн: «Uplift-Aufwind» кайрымдуулук коомунун жамааты, анын негиздөөчүсү жана директору Марен Эрнст башында туруп, Кыргызстанда ата-энесинин камкордугусуз калган көптөгөн жетим балдарга, ошондой эле өзгөчө камкордукка муктаж оорулуу балдарга жардам көрсөтүүдө. Бул немис коому мындай балдардын ата-энелери менен иштөөгө өзгөчө көңүл буруп, оорулуу балдарды кантип багуу керектигин үйрөтөт.
М.Эрнст Кыргызстан менен 1992-жылдан бери кызматташып, 2005-жылы Бишкектеги балдар үйүнө баргандан кийин “Кыргызстандын мектеп-интернатындагы балдарга өзгөчө кам көрүү” долбоорун ишке ашырган.
Кыргызстан боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү.
-“Uplift-Aufwind” Кыргызстанда гана иштейт.
Уюм социалдык чөйрөдө дагы ар кандай долбоорлорду ишке ашырат.
Сүрөт: ТИМ басма сөз кызматы