Кичи Памир жана Улуу Памирден келген этникалык кыргыздарга колдоо көрсөтүү программасы бекитилди
- 11 месяцев мурун
Министрлер кабинети Афганистандын Кичи жана Улуу Памиринен келип жаткан этникалык кыргыздарга жана кайрылмандарга колдоо көрсөтүү боюнча 2026–2029-жылдарга программасын бекитүү жөнүндө токтом кабыл алды.
Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгону тууралуу МинКаб сайтында маалымат берилди.
Ага ылайык, токтом менен кабыл алынган программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы, ага мониторинг жүргүзүү, бюджети бекитилди.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө президенттик администрациянын тиешелүү башкармалыгына жүктөлгөн. Документ кол коюлгандан он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




