Бишкекте мектеп жана балдар бакчалары 7-февралдан тартып мурдагыдай режимде иштей баштайт

  • 3 месяца мурун

Бишкек шаарында жылуулук берүү турукташкандыгына байланыштуу, муниципалдык билим берүү уюмдарында окутуу 7-февралдан тартып билим берүү процесси мурдагыдай режимде улантылат.

Буга чейин ЖЭБдеги штаттан тышкаркы кырдаалга байланыштуу 2024-жылдын 2-февралынан баштап 6-феравлына чейин (өзгөчө буйрукка чейин) Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү департаментинин буйругунун негизинде онлайн-окутууга которулган.

2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында ЖЭБде авария болуп, беш киши жабыркады. Абалы оор эки жумушчу дарылануу үчүн Түркияга жөнөтүлдү.

Кыргызстандагы эң ири бул жылуулук борбору 1960-жылдары курулган. Ал 812 миң квт электр энергиясын жана саатына 1294,2 Гкал жылуулук берүүгө ыңгайлашкан. Шаардагы имараттардын 60 пайызга жакынын тейлейт. Жалпысынан 15 отказан бар.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты