Бишкекте мектептер жана бала бакчалар онлайн окутууга өттү

  • 3 месяца мурун

Бишкекте 2-февралдан тарта мектеп жана бала бакчалардын бардыгы онлайн форматка өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматта мындай чечим мэриянын шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан Бишкек ЖЭБде катталган аварияга байланыштуу кабыл алынганы айтылат.

«Чечим шейшемби, тактап айтканда, 6-февралга чейин күчүндө болот«, — деп айтылат билдирүүдө.

Бүгүн, 2-февралга караган түнү Бишкеке жылуулук электр борборунда авария болуп, үч адам жабыркады.

Энергетика министрлиги авариялык абалдын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча иш алып баруу үчүн ыкчам штаб түзүлгөнүн билдирди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты