Бишкекте креативдүү индустрия биринчи фестивалы уюштурулду  

  • 2 года мурун

Бүгүн, 23-апрелде, Бишкекте CREATE4KG деп аталган Кыргызстандын креативдүү индустриялар биринчи фестивалы уюштурулду.

Анда Президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, креативдүү экономиканын артыкчылыктуу жактарын белгиледи.

“Креативдүү экономика — бул заман талабына жараша баалуулуктарыбызга жаңы дем, жаңы түс берип, жаратмандык аркылуу элибиздин туруктуу өнүгүүсүнө ишенимдүү жол” деди Жапаров.  

Мамлекет дал ушул багытта актуалдуу дүйнөлүк тенденцияларды эске алып, 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасында креативдүү экономикага өзгөчө орун берген.

Буга чейин Президент Жапаров “Креативдүү экономиканы өнүктүрүү жана прогрессивдүү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Жарлыкка ылайык, Министрлер кабинетине өлкөдө креативдүү экономиканы өнүктүрүү концепциясын бекитүү, креативдүү индустриялар классификациясын аныктоо,  креативдүү индустрия паркын түзүү жүктөлгөн.

Креативдүү экономика боюнча экономист Данияр Аманалиевдин ой-пикири бул шилтемеде.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты