Европага саякат: Бишкекте EU Fest-2026 өтөт

  • 5 дней мурун

6-июнда Бишкектеги Эмен багында Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү, ЕБге мүчө мамлекеттер жана өнөктөштөр тарабынан уюштурулган ачык асман алдындагы маданий фестиваль — EU Fest 2026 өтөт. Фестиваль каалоочулар үчүн акысыз болот.

Бул тууралуу Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү билдирди.

Быйылкы фестивалдын темасы — «Европага  саякат» — конокторду Европа Биримдиги боюнча символикалык жана интерактивдүү бир күндүк саякатка чакырат.

Фестивалдын жүрүшүндө катышуучулар европалык маданияттын, чыгармачылыктын, билим берүүнүн, инновациялардын жана салттардын ар түрдүүлүгү менен таанышат. EU Fest 2026 Европа Биримдиги менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы көп жылдык өнөктөштүктү белгилеп, элдерибизди бириктирген ар түрдүүлүктү жана жалпы баалуулуктарды даңазалайт.

Бир күндүн ичинде коноктор ЕБге мүчө мамлекеттердин павильондорун кыдырып, маданий жана чыгармачыл иш-чараларга катышып, ЕБ колдогон долбоорлор тууралуу маалымат алып, ошондой эле көрсөтүүлөргө, мастер-класстарга жана үй-бүлө үчүн көңүл ачуучу программаларга күбө боло алышат. Интерактивдүү форматта уюштурулган фестиваль ар бир адамды бул окуянын бир бөлүгү болууга чакырат.

EU Fest паспорту — фестивалдын кире беришинде конокторго берилүүчү атайын даярдалган буклет — фестивалды кызыктуу саякатка айлантат. Коноктор тапшырмаларды аткарып, суроолорго жооп берип, сүрөткө түшүп жана «Европанын үндөрү» же «Европанын алакан издеринин картасы» сыяктуу чыгармачыл сынактарга катышуу аркылуу мөөр топтой алышат. Жетиштүү санда мөөр топтогон коноктор саат 17:00дө өтүүчү EU Fest лотереясына катыша алышат.

Кыргыз Республикасындагы Европа Биримдигинин Элчиси, Реми Дюфло Бишкектин тургундарын жана конокторун майрамга кошулууга чакырат:

Ишемби, 2026-жылдын 6-июну, саат 10:00–20:00 Эмен багы, Бишкек

Кирүү акысыз, фестивалдын катышуучусунун паспорту да акысыз.

Европага саякат: Бишкекте EU Fest-2026 өтөт

Европа Биримдиги 27 Европа өлкөсүн турган бириккен экономикалык жана саясий биримдик. Ал адамдын ар-намысын, эркиндигин, демократияны, теңчиликти, мыйзамдын үстөмдүгүн жана адам укуктарын, анын ичинде азчылыктарга таандык адамдардын укуктарын урматтоо баалуулуктарына негизделген. Европа Биримдиги ар бир адам пайда ала тургандай коомдорго, айлана-чөйрөнүн жана экономиканын туруктуу өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү үчүн глобалдык деңгээлде иш алып барат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты