Баткенде “Айгүл гүлү” фестивалы өтөт
- 1 месяц мурун
20–21-апрель Баткен шаарында Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине кирген сейрек кездешүүчү айгүл гүлүнө арналган “Айгүл гүлү” эл аралык фестивалы өткөрүлөт.
Бул иш-чара Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан 2026-жылга карата иш-пландын алкагында уюштурулууда.
Фестивалдын негизги максаты — Айгүл гүлүн эл аралык деңгээлде таанытуу, коңшу мамлекеттер менен маданий байланышты чыңдоо жана элдер ортосундагы достук менен ынтымакты бекемдөө.
Иш-чарага Баткен районунун айыл аймактарынан келген катышуучулар менен катар коңшу Өзбекстан жана Тажикстан өлкөлөрүнүн өкүлдөрү да катышат. Өнөрпоздордун чеберчилигин эл аралык деңгээлдеги калыстар тобу баалайт.
Фестивалдын алкагында кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү, улуттук тамак-аштардын жарманкеси, элдик ырлар жана аспаптык музыка сынагы өткөрүлөт.
Ар бир номинация боюнча жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар каралган: 1-орун — 30 миң сом, 2-орун — 20 миң, 3-орун — 10 миң сом.
Мындан тышкары катышуучуларга кызыктыруучу белектер тапшырылат.
Фестиваль эки күнгө пландалган: Биринчи күнү — расмий ачылыш аземи, ыр-күү сынактары жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи өтөт. Экинчи күндү — кол өнөрчүлүк, гүлдөр жана улуттук тамак-аш көргөзмөлөрү уюштурулуп, катышуучулар үчүн «Муз-Булак» коругуна саякат уюштурулат.
Уюштуруучулар фестиваль мурда пландалган 16–17-апрель күндөрүнөн 20–21-апрелге жылдырылганын билдирди.
Иллюстрациялык сүрөт: Айгүл гүлү. Интернет булактарынан




