Бишкекте кыска метраждуу тасмалардын эл аралык кинофестивалы ачылат
- 2 месяца мурун
Бишкек шаарында 21–24-апрелде XIV КМШ, Балтия жана Грузия өлкөлөрүнүн кыска метраждуу тасмаларынын кинофестивалы өтөт.
Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалыматта айтылгандай, фестиваль көрүнүктүү режиссер, аймактык кинематографиянын өнүгүшүнө зор салым кошкон Альгимантас Видугиристин 90 жылдыгына арналат.
Быйылкы фестивалга 900дөн ашык арыз түштү. Программанын алкагында: эл аралык конкурста — 14 тасма, улуттук конкурста кыргыз режиссерлорунун мыкты кыска метраждуу 15 эмгеги көрсөтүлөт.
Фестиваль көрүүчүлөрдү мыкты тасмалар менен тааныштыруу менен катар, жаш кинематографисттерди колдоого, кино маданиятын өнүктүрүүгө жана өлкөлөр ортосундагы маданий байланыштарды чыңдоого багытталган.
Иш-чара Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаменти, КМШ мамлекеттеринин гуманитардык кызматташтык боюнча мамлекеттер аралык фонду, (МФГС), «Маданий кызматташтык фонду» коомдук фонду жана «Кыргызтасмасы» мамлекеттик киноборборунун колдоосу менен өткөрүлөт. Салтанаттуу ачылыш аземи: 21-апрель 2026-жыл, саат 12:00.
Сүрөт: Маданият министрлиги тараткан




