Оймо-2026: Эл аралык фестиваль өтөт
- 3 недели мурун
27–31-майда күндөрү Бишкек шаарында салттуу маданият жана кол өнөрчүлүккө арналган «Оймо-2026» XX эл аралык юбилейлик фестивалы өтөт.
Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
«Оймо» фестивалы 2006-жылдан бери үзгүлтүксүз өткөрүлүп келе жаткан салттуу маданият жана кол өнөрчүлүк багытындагы ири маданий иш-чаралардын бири болуп саналат.
Фестиваль улуттук мурастарды сактоо, өнүктүрүү жана дүйнөлүк маданий мейкиндикте жайылтуу максатын көздөйт.
Фестивалдын алкагында көргөзмө-жарманкелер, илимий жана маданий иш-чаралар, мастер-класстар, чыгармачыл жолугушуулар жана этномаданий программалар уюштурулат.
Иш-чарага Кыргызстандан жана чет мамлекеттерден келген кол өнөрчүлөр, сүрөтчүлөр, дизайнерлер жана маданият өкүлдөрү катышат.
Мындан тышкары, фестиваль салттуу кол өнөрчүлүктү өнүктүрүүгө, чыгармачыл тажрыйба алмашууга, эл аралык маданий байланыштарды чыңдоого жана этномаданий баалуулуктарды жайылтууга өбөлгө түзөт.
«Оймо» эл аралык фестивалы жыл сайын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен уюштурулуп келет.




