Креативдүү индустрия паркы түзүлөт

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров “Креативдүү экономиканы өнүктүрүү жана прогрессивдүү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койду.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жарлыкка ылайык, адамдын креативдүү (чыгармачыл) жана интеллектуалдык потенциалын колдоо жана жогорулатуу, экономикадагы инновациялык процесстерди өнүктүрүү, ишкерлер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жана жумуш орундарын түзүү, экономиканы диверсификациялоо, экспорттун көлөмүн, эмгектин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана алдыңкы иштеп чыгуулар үчүн аянтча түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылынат:

  1. Креативдүү экономика Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири деп аныкталсын жана өлкөнүн экономикасынын инновациялык багытын өнүктүрүү үчүн негиз түзүлсүн.
  2. Министрлер кабинети белгиленген тартипте:

– Кыргыз Республикасынын креативдүү экономикасын өнүктүрүү концепциясын бекитсин;

         – креативдүү индустриялар классификациясын аныктасын;

         – Креативдүү индустриялар паркын түзсүн;

– 2022-жылдын 1-октябрына чейин креативдүү индустрияларды өнүктүрүүгө, ошондой эле креативдүү индустриялар паркынын, анын башкаруу органдарынын, резиденттердин иштөөсүнө, креативдүү индустриялар паркынын режимин түзүүнүн негизги принциптерин аныктоого багытталган ченемдик укуктук актылардын топтомун иштеп чыксын, анын ичинде Жогорку Кеңештин кароосуна “Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө” мыйзамдын долбоорун киргизсин, -деп айтылат жарлыкта.

Белгилей кетсек, БУУнун Башкы ассамблеясы 21-апрелди дүйнөлүк чыгармачылык жана инновациялык ишмердик (креативдүү экономика) күнү деп жарыялады. Мындан тышкары, 2021-жыл БУУ тарабынан туруктуу өнүгүү максатында креативдүү экономиканын эл аралык жылы деп жарыяланган.

Креативдүү экономика боюнча экономист Данияр Аманалиевдин ой-пикири бул шилтемеде.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты