Жаңы ысымдар: Студенттик эл аралык театр фестивалы ачылды
- 2 месяца мурун
15-апрелде Бишкек шаарында СССРдин эл артисти Бүбүсара Бейшеналиеванын 100 жылдыгына арналган “Жаңы ысымдар” XI эл аралык студенттик театралдык фестивалынын ачылыш аземи өттү.
Фестивалдын ачылышы Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драма театрында өтүп, ага президенттин кеңешчиси Медетбек Букуев, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Бекбосун Борубашов, Б.Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетинин ректору Түмөнбай Колдошов жана мамлекеттик, маданий ишмерлер, театр сүйүүчүлөрү катышты.
Концерттик программа университеттин театр факультетинин сахналаштырылган сценасы менен башталып, Бүбүсара Бейшеналиеванын жана Кыргыз театрынын 100 жылдыгына арналды.
Залкар балеринанын 100 жылдыгына арналып чыгарылган төш белгинин алгачкысы символикалуу түрдө Бүбүсара Бейшеналиеванын небереси Бейшеналиева Бүбүсара Эрмекововнага тапшырылды. Дал ушундай төш белги менен фестивалдын калыстар тобу дагы сыйланды. Сыйлыкты университеттин ректору Түмөнбай Колдошов тапшырды.
Андан соң фестивалдын алкагында Жургенов атындагы Казак улуттук өнөр академиясынын студенттери “Гамильтон” спектаклин көрсөтүштү.
Бул жылы фестивалга Орусия, Түркия, Өзбекстан, Казакстан, жана Азербайжандан келген студенттик театр топтору катышууда.
Эл аралык фестиваль 18-апрелге чейин уланат.
Сүрөттө: Бүбүсара Бейшеналиеванын небереси Бейшеналиева Бүбүсара Эрмековна. Фестивалдын ачылышындагы видео тасмадан.




