Оймо-2026: Салттуу маданият жана кол өнөрчүлүк эл аралык фестивалы ачылды
- 1 неделя мурун
27-майда Бишкекте Курманжан датканын эстелигинин жанында юбилейлик XX салттуу маданият жана кол өнөрчүлүк «ОЙМО 2026» эл аралык фестивалынын расмий ачылышы болду.
Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.
Быйыл фестиваль «Дүйнөлүк маданий мурас: салттар, кол өнөрчүлүк, мурастуулук» деген теманын алдында өтүүдө.
Салтанаттуу иш-чарага мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, маданият ишмерлери, кол өнөрчүлөр, дизайнерлер жана Кыргызстан, Борбор Азия өлкөлөрү жана дүйнөнүн башка аймактарынан келген коноктор катышты.
Ачылыш аземине Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жылдыз Таалайбек кызы, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясынын жооптуу катчысы Сабира Солтонгелдиева катышты.
Ачылыш программасында Кыргызстандын көрүнүктүү маданият ишмерлерине арналган даректүү тасмалар өзгөчө орунду ээледи. Конокторго Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген маданият ишмери, материалдык эмес маданий мурас боюнча эксперт жана “Оймо” фестивалынын негиздөөчүсү Динара Чочунбаева тууралуу тасма көрсөтүлдү.
Ошондой эле маданият ишмери, улуттук кийим изилдөөчүсү жана «Кийиз Дүйнө» коомдук фондунун негиздөөчүсү Айдай Асангулова тууралуу фильм жана Гүлнур Канаттын «Тамчы тасма» кол өнөрчүлүгүнө арналган тасмасынын бет ачары болду.
Фестивалда Актан Исабаев, Гүлзада Рыскулова, аткаруучу Чынтемир, заманбап кыргыз музыкасынын «Кыргыз Кайрык» ансамбли жана башка өнөрпоздордун концерттик программасы көркүнө чыгарды.
«Оймо 2026» фестивалы Бишкекте 27-майдан 31-майга чейин өтөт. Юбилейлик программанын алкагында Кыргызстан, Борбор Азия өлкөлөрү жана башка мамлекеттерден келген 150дөн ашуун кол өнөрчү, дизайнер, сүрөтчү жана креативдүү индустрия өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө.
Фестивалдын конокторун эл аралык кол өнөрчүлөр жарманкеси, fashion-көрсөтүүлөр, кино көрсөтүүлөр, шырдак, ала кийиз, курак жасоо, токуу, сайма, керамика жана кийиз басуу боюнча мастер-класстар күтөт.
Мындан тышкары, келгендер улуттук тамак-аштарды даярдоо боюнча тамаш-аш жасоо мастер-класстарга жана креативдүү индустрияны өнүктүрүү, маданий мурастарды сактоо жана кол өнөрчүлүк салттарынын улануусу боюнча коомдук талкууларга катыша алышат.
Сүрөт: bishkek.gov.kg




