Бишкекте коомдук транспортто жол кире төлөбөгөндөргө 1000 сом айып салынат

  • 1 месяц мурун

Бишкек шаарынын мэриясы коомдук унаада жол кире төлөбөгөндөр аныкталган учурда, мыйзамга ылайык айып пул салынарын эскертти.

“Департаменттин кызматкерлери укук бузуулар жөнүндө кодексинин 199-беренесинин 8-пунктун жетекчиликке алуу менен, коомдук транспортто жол кире төлөбөгөндөргө мыйзам алкагында чара колдонушат.  Муниципалдык коомдук транспортто жол кирени жана жол жүгүн ташуу үчүн акы төлөбөө, ага тете шаардык коомдук транспортту пайдалануу эрежелерин бузуу — жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, башкача айтканда 1000 сом айып пул салууга алып келет” деп айтылат маалыматта.

2023-жылдын 27-декабрында бекитилген токтомго ылайык, тарифтер троллейбуста — 17 сом; автобуста — 17 сом; маршруттук автобустарда -20 сом. Накталай төлөм менен жол кире — 20 сом, “Тулпар” картасы менен 17 сом болот. MegaPay электрондук капчыгы менен төлөгөндө жол киренин баасы 11 сом.

Сүрөт: bishkek.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты