Бүгүн Бишкекте коомдук транспортто жол кире кымбаттады

  • 6 месяцев мурун

Бүгүн, 30-январда Бишкекте коомдук транспортто жол кире кымбаттады.

Буга чейин Бишкекте 2024-жылдын 15-январынан тартып коомдук транспортто жол кире акысы кымбаттай турганы, Бишкек шаардык кеңеши 27-декабрдагы жыйында кабыл алганы кабарланган. Бирок жол киренин кымбаттатылган тарифи 15-январдан баштап ишке ашырылбай калганы айтылган.

2023-жылдын 27-декабрында бекитилген токтомго ылайык, тарифтер троллейбуста — 17 сом; автобуста — 17 сом; маршруттук автобустарда -20 сом болмокчу.

Накталай төлөм менен жол кире — 20 сом, “Тулпар” картасы менен 17 сом болот. MegaPay электрондук капчыгы менен төлөгөндө жол киренин баасы 11 сом бойдон калат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты