Бишкекте айрым автобустардын кыймыл схемалары өзгөрөт

  • 1 месяц мурун

Бишкек шаарында  Айтматов проспектисинин Семетей көчөсүнөн  Масалиев көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылгандыгына байланыштуу №55, №56 жана №8 автобус маршруттарынын кыймыл схемалары өзгөртүлдү.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, №55 автобустун багыты төмөнкүдөй өзгөртүлдү:

— Садырбаев көчөсү – Масалиев көчөсү – Тыналиев көчөсү –  Ахунбаев көчөсү.

 №8 автобустун багыты:

 Ахунбаев көчөсү – Тыналиев көчөсү – Масалиев көчөсү – Садырбаев көчөсү.

 №56 автобусу  Масалиев жана Садырбаев көчөлөрү аркылуу жүрөт.

Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт. Жол тыгындарын болтурбоо үчүн алдын — ала жол каттамыңызды пландап, жеке унаанын ордуна коомдук транспортту пайдаланууну сунуштайт.

17-марттан тартып, Чыңгыз Айтматов проспектисинин Масалиев проспектисинен Семетей көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн жабылат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты