Айтматов проспектисинин бир бөлүгү оңдоп-түзөө үчүн жабыларын Бишкек мэриясы билдирди
- 1 месяц мурун
17-марттан тартып, Чыңгыз Айтматов проспектисинин Масалиев проспектисинен Семетей көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн жабылат.
Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Ч.Айтматов проспектиси/А.Масалиев проспектиси, Ч.Айтматов проспектиси/Семетей көчөсү кесилиштери унаа кыймылы үчүн ачык болот.
Буга байланыштуу жогоруда аталган тилкеде эки автобустук каттамдын кыймылы өзгөрөт. №8 жана №55 автобустук каттамдардын кыймылы убактылуу Садырбаев (Бах) көчөсүнө которулат.
Мэрия убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылып, каттамыңызды алдын ала пландаштырууну суранат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү