Бишкек шаарынын мэри “Дордой-моторс” базарынын ККМге каршы чыккан митингчилери менен жолугушту

  • 5 месяцев мурун

Бишкек шаар мэри Айбек Жунушалиев “Дордой моторс” базарында митингде чыккан соодагерлер менен жолугушту. Базардын ээси Аскар Салымбеков да жолугушууга келди. Ишкерлердин талаптарын уккан муниципалитеттин башчысы андан ары талкууну шаардын Ленин райондук  администрациясына чакырды.

Ишкерлердин өкүлдөрү менен сүйлөшүү учурунда Айбек Жунушалиев бир катар митингчилердин бул маселени сүйлөшүү жолу менен талкуулоо тууралуу пикирине  макул болду.
Кеңешмеге Ленин районундагы дээрлик бардык базарлардын профсоюз уюмдарынын өкүлдөрү катышты.

Бүгүн базардын соодагерлери кассалык аппараттарды жоюп, патент киргизүүнү талап кылып митингге чыгышкан.

ишкерлер өкмөттөн патент системасын мурункудай эле калтырып, ККМди колдонбоо талабын айтуу менен, иш ташташты.

Кыргызстанда өткөн жумада базарларда соода кылгандар ККМ системасын киргизүүгө каршы нааразылык акциясын өткөрүп, айрымдары иш ташташкан. 29-30-ноябрда Оштогу Кара-Суу жана Бишкектеги “Дордой”, “Мадина”, Орто-Сай базары, 1-декабрда борбордогу “Аламүдүн” жана Ош, Талас, Каракол шаарларындагы базардын сатуучулары митингге чыгышкан. 2-декабрда Бишкектеги автоунаа тетиктерин саткан “Кудайберген” базарынын соодагерлери да акция өткөрүшкөн.

Бүгүн, 4-декабрда, Кара-Балта, Токмок шаарларындагы базарда иштегендер нааразылык акциясына чыгышканы маалым болду.

Президент Садыр Жапаров базарлардагы нааразычылыктар боюнча жумушчу комиссия түзүп, текшерүү жиберди.

Сүрөт: Жолугушуу учуру. Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты