ККМге каршы: “Дордой Моторс” соодагерлери нааразылык акциясына чыгышты

  • 5 месяцев мурун

Бүгүн, 4-декабрда, Бишкектеги “Дордой Моторс” базарынын ишкерлери да көзөмөл-кассалык машинелерди киргизүүгө (ККМ) каршылык билдирип чыгышты. Бул тууралуу базардын профсоюз башчысы билдиргенин “Азаттык” жазды.  

Маалыматта айтылгандай, ишкерлер өкмөттөн патент системасын мурункудай эле калтырып, ККМди колдонбоо талабын айтуу менен, иш ташташты.

Кыргызстанда өткөн жумада базарларда соода кылгандар ККМ системасын киргизүүгө каршы нааразылык акциясын өткөрүп, айрымдары иш ташташкан. 29-30-ноябрда Оштогу Кара-Суу жана Бишкектеги “Дордой”, “Мадина”, Орто-Сай базары, 1-декабрда борбордогу “Аламүдүн” жана Ош, Талас, Каракол шаарларындагы базардын сатуучулары митингге чыгышкан. 2-декабрда Бишкектеги автоунаа тетиктерин саткан “Кудайберген” базарынын соодагерлери да акция өткөрүшкөн.

Бүгүн, 4-декабрда, Кара-Балта шаарындагы базарда иштегендер нааразылык акциясына чыгышканы маалым болду.

Президент Садыр Жапаров базарлардагы нааразычылыктар боюнча жумушчу комиссия түзүп, текшерүү жиберди. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

Кыргызстанда базарларда соода-сатык менен алектенгендер 2024-жылдын 1-январынан тартып ККМди милдеттүү түрдө колдонушу керек. Ишкерлер ККМдин түйшүгү көп экенин билдирип ага каршы чыгууда. Бийлик бул система кирсе көмүскө экономиканын үлүшү азая турганын билдирип келет.

Сүрөт: RRE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты