Бишкек шаардык кеңешинин жаңы чакырылышынын алгачкы сессиясы качан өтөрү айтылды

  • 2 недели мурун

2024-жылдын 2-декабрында саат 10:00дө Бишкек шаардык кеңешинин жаңы, 29-чакырылышынын I сессиясы өтөрү белгилүү болду. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Жаңы шайланган шаардык кеңештин депутаттарынын 1-сессиясы Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар залында өтөт. Регламент боюнча шаардык кеңештин биринчи сессиясын жаш курагы боюнча эң улуу депутат ачат жана аны шаардык кеңештин төрагасы шайланганга чейин алып барат.

Шаардык кеңештин биринчи сессиясынын күн тартибине шаардык кеңештин төрагасын, төраганын орун басарын шайлоо, фракцияларды каттоо жана алардын лидерлерин аныктоо, туруктуу комиссиялардын тизмегин, алардын курамын жана төрагаларын бекитүү жөнүндө жана башка кеңештин ишин уюштуруунун башка маанилүү маселелери киргизилет.

Эске салсак, 17-ноябрда  Бишкек жана Ош шаарларынын, Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолор өткөн.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына ат салышкан алты саясий партиянын бешөө өткөн. Алар:

1. Жаңы күч” партиясы – 29,40% (16 мандат);

2. “Эмгек” партиясы – 21,93% (12 мандат);

3. “Адилет” партиясы – 15,11% (9 мандат);

4. “Ынтымак” партиясы – 14, 02% (8 мандат);

5.”Эл үмүтү” 11,04% (6 мандат).

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты