Жогорку Кеңештин бешинчи сессиясы ачылды
- 1 год мурун
Бүгүн, 1-сентябрда, Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын V сессиясынын расмий ачылышы болду.
Төрага Нурланбек Тургунбек уулу парламенттин сессиясын ачык деп жарыялады. Кыргыз Республикасынын гимни жаңырды.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 83-беренесине жана Жогорку Кеңештин Регламентинин 32-беренесине ылайык, парламенттин сессиялары жыйналыш түрүндө сентябрдын биринчи жумушчу күнүнөн тартып келерки жылдын июнунун акыркы жумушчу күнүнө чейин өткөрүлөт.
Сүрөт: kenesh.kg
Муну бөлүшүү




