1-сентябрда Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы башталат
- 10 месяцев мурун
Эртең, 1-сентябрда, Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы ачылат. Бул тууралуу парламенттин сайтында маалымат берилди.
Маалыматта айтылгандай, бүгүн, 31-августта, төрага Нурланбек Тургунбек уулу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын V сессиясынын ачылышына карата көрүлүп жаткан даярдык иштери менен таанышты.
Анын ичинен жаңыланган жалпы жыйындар залын, заманбап жабдууларды көрдү.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 83-беренесине жана Жогорку Кеңештин Регламентинин 32-беренесине ылайык, парламенттин сессиялары сентябрдын биринчи жумушчу күнүнөн тартып башталат. Кезектеги сессиянын ачылышы эртең, 1-сентябрда өтөт.
Сүрөт: kenesh.kg
Муну бөлүшүү




