Жапаров БУУнун Башкы ассамблея сессиясында Кыргызстанга салынган санкциялар тууралуу сөз козгоду
- 2 месяца мурун
Садыр Жапаров бүгүн, 23-сентябрда, Нью-Йорк шаарында БУУнун башкы ассамблеясынын 80-сессиясынын жалпы дебаттарындагы сөзүндө санкциялар тууралуу сөз козгоду.
Садыр Жапаров Кыргызстанга жарыяланган санкциялар айрым бейөкмөт уюмдар жана кара ниет жарандар тарабынан жайылтылган жалган маалыматтарга негизделгенин ырастады.
Буга байланыштуу, президент Жапаров мамлекет банктардын ишмердүүлүгүн кылдат текшерттирүү үчүн көз карандысыз эл аралык аудиттерди кабыл алууга даяр экенин айтты.
Ал 2024-жылы Европа Бирлигинин өлкөлөрү Россия менен 141 миллиард долларга соода жүргүзсө, анын 36 миллиард доллары Россиядан импорттолгон товарлар болгонун белгилеп өттү. Ал эми биздин 2 банкка каршы санкция жарыялаган Британиянын өзү 2024-жылы Россия менен 2,2 миллиард долларга соода жүргүзгөн.
Ушундан улам, ал кимдир бирөөлөр Россия менен кызматташуу мүмкүнчүлүгүн өзүмчүлүк менен өзүнө калтырып, өз кызыкчылыктарын коргоп, башкаларга тыюу салып жатканын белгиледи.
“Бизге Россия менен кызматташпагыла деген талап коёсуңар дагы өзүңөр кеңири кызматташып жатасыңар. Бизди силерге караганда Россия менен көптөгөн экономикалык байланыштар бириктирип турат” деп белгиледи мамлекет башчы.
Ошондуктан, Президент белгилегендей, экономикалык жактан алганда Кыргызстан Россия менен кызматташпай коё албайт.
Президент Садыр Жапаров башкалар менен тирешүүнү каалабастыгын, дээрлик бардык өлкөлөр менен кызматташып, көп векторлуу саясат жүргүзүп жатканын кошумчалады.
Ал мисалы, Кыргызстан ошол эле Англияга жылына 1 млрд долларлык алтын сатарын белгилеп өттү.
“Менин өлкө Президенти катары биринчи милдетим – жарандарымдын жана өлкөмдүн коопсуздугун камсыз кылып, экономикалык абалын жогорулатуу” деп белгиледи Садыр Жапаров.
Сүрөт: president.kg




