25-27-ноябрда Бишкекте жана Чүй облусунун айрым көчөлөрүндө унаа кыймылы үчүн убактылуу чектөө киргизилет
- 2 месяца мурун
25-27-ноябрда Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым көчөлөрүндө унаа кыймылы үчүн убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басам сөз кызматы билдирди.
Убактылуу чектөө Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) Коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясынын өткөндүгүнө байланыштуу киргизилмекчи.
Чектөө киргизилчү көчөлөрдүн тизмеси:
-«Манас» эл аралык аэропорт жолу Бишкек шаарынын чегине чейин;
-Фучик көчөсү Бишкек шаарынын чегинен тартып, Чүй проспектисине чейин;
-Чүй проспектиси Фучик көчөсүнөн тартып, чыгышты карай Манас проспектисине чейин;
-Манас жана Чыңгыз Айтматов көчөлөрү түштүктү карай, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына чейинки бөлүгү;
-Жусуп Абдрахманов, Султан Ибраимов жана Михаил Фрунзе көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрү.
Мындан тышкары транспорттук басымды азайтуу максатында мектептер менен жогорку окуу жайлар убактылуу онлайн окутууга өткөрүлөт.
Ички иштер министрлиги жарандарды мамлекеттик маанидеги иш-чараларды өткөрүү учурунда жогоруда көрсөтүлгөн жол жээктерине унаа каражаттарын калтырбоого, зарыл болбосо оор жүк ташуучу унаалар менен жолго чыкпай турууга жана жол кыймылынын жөнгө салып турган кызматкерлердин талаптарына баш ийип, жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырат.
Иллюстрациялык сүрөт: ИИМ




