«Төрөлгөндө эле тили штраф менен чыккан». Бишкек депутаттары Мирлан Таалайбековдун отчетун кабыл албай, кийинкиге калтырды
- 1 месяц мурун
Бишкек шаардык кеңешинин 7-октябрдагы сессиясында бир катар депутаттар мэриянын муниципалдык инспекциясынын башчысы Мирлан Таалайбековдун (соцтармакта Царикаев деген каймана ат менен таанымал) отчетун кабыл албай, кийинкиге калтырышты.
Шаардык кеңештин депутаты Таалайбек Сариев борбор шаардагы башаламан соода кылгандарды социалдык тармакка жарыялап жатышканы канчалык мыйзамдуу экенин сурады.
«Болгондун баарын соцтармакка жарыялап жатасыңар. Алар мыйзам бузганы үчүн айып төлөп жатат, аны кайра «өлгөндөн үстөнө көмгөн» кылып, жарыялап атасыңар. Ушул канчалык мыйзамдуу? Анын да тууган-уругу бар, катышы бар. Алиев экөөңөр башкарып калдыңар беле Бишкекти? Оюнчукпу адамды кордогон? Кээ бири инфаркт болуп жатат. Бирок бул ишиңердин жыйынтыгы болгон жок» деди депутат Сариев.
Шаардык Кеңештин депутаты Казыбек Эргешов муниципалдык инспекциянын иши канааттандырарлык эмес экенин белгиледи.
Жыйында депутат Таалайбек Сариев жана Нурзат Токтосунова Таалайбековду кыргызча жооп берүүсүн суранды. Таалайбеков орус тилинде да сүйлөөгө укугу бар экенин айтты.
Мирлан Таалайбеков кайгуул кызматынын басма сөз кызматында иштеген кезде, мыйзам бузган айдоочуларды видеого тартып, интернетке жарыялап келген. Анын ичинде шаардык Кеңештин депутаттары Казыбек Эргешов, Таалайбек Сариев, ошондой эле Нурзат Токтосунова жол эрежесин бузгандыгы, коопсуздукту сактабагандыгы тууралуу тартылган видео тарап, талкууга алынган. Эргешовго унаа айнегин караңгылатып алганы үчүн, 20 миң сом айып пул салган.
Жыйында депутаттар мэриянын муниципалдык инспекциясынын отчету толук эмес деп, кийинкиге калтырды.
Сүрөттө: Мирлан Таалайбеков отчет берүү учурунда. Шаар кеңештин сессиясынын видеосунан алынды.




