Бишкек шаардык кеңешине беш партия өттү
- 4 недели мурун
Шайлоо участокторунун 97,22% нын маалыматтары боюнча, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына ат салышкан алты саясий партиянын бешөө өттү.
Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) билдирди.
Алар:
1.“Жаңы күч” партиясы – 29,40% (16 мандат);
2. “Эмгек” партиясы – 21,93% (12 мандат);
3. “Адилет” партиясы – 15,11% (9 мандат);
4. “Ынтымак” партиясы – 14, 02% (8 мандат);
5.”Эл үмүтү” 11,04% (6 мандат).
“Улуу журт” партиясы 1,34 % добуш алып, 5% чектен өтө алган жок.
Бишкек шаарында 8686 же 7,16% шайлоочу баарына каршы добуш берди.
Бүгүн, 17-ноябрда, Бишкек жана Ош шаарларынын, Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолор өттү.
Бардык жергиликтүү кеңештерге шайлоолорго саат 20:00гө карата шайлоочулардын 27,83%ы добуш берди.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан