Бишкек — Ош жолундагы унаа өткөрмө пункттарына чектөө киргизилди
- 1 месяц мурун
Бүгүн, 8-декабрда, Бишкек–Ош унаа жолунда кар жаап, жол тайгак болгондугуна байланыштуу, кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында унаа өткөрмө пункттарына убактылуу чектөө киргизилди.
Жайыл районунун “Сосновка” өткөрмөсүндө пунктунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө саат 12:50дөн тартып убактылуу чектөө киргизилди.
Токтогул районунун “Арал” пунктунда оор жүк ташуучу унаанын бардык түрүнө саат 13:40тан тартып убактылуу чектөө коюлду.
Кыргызгидромет кызматынын маалыматына ылайык, 2025-жылдын 8-декабрында күндүз жана 9–10-декабрда өлкө аймагында аба ырайы кескин өзгөрөт. Мезгил-мезгили менен кар жаап, айрым аймактарда жаан-чачын күчөшү күтүлүүдө.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү




