Кыргызстанда аба ырайы туруксуз болуп, тоолуу аймактарда кар жаайт

  • 2 месяца мурун

Кыргызгидромет кызматынын маалыматына ылайык, 2025-жылдын 8-декабрында күндүз жана 9–10-декабрда өлкө аймагында аба ырайы кескин өзгөрөт. Мезгил-мезгили менен кар жаап, айрым аймактарда жаан-чачындын күчөшү күтүлүүдө.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде 15–20 м/с чейин жетет. 

10–11-декабрда абанын температурасы кескин төмөндөйт:

Чүй, Талас өрөөндөрү: түнкүсүн -12…-17°, күндүз -4…-9°

Ош, Жалал-Абад, Баткен: түнкүсүн -4…-9°, күндүз -4…+1°

Ысык-Көл ойдуңу: түнкүсүн -12…-17°, күндүз -5…-10°

Нарын облусу: түнкүсүн -18…-23°, күндүз -6…-11°

Тоо этектери: түнкүсүн -14…-19°, күндүз -5…-10°

Тоолуу райондор: түнкүсүн -17…-22°, күндүз -7…-12°

Суусамыр жана бийик тоолуу райондор: түнкүсүн -28…-33°, күндүз -10…-15°

Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин оорлотушу мүмкүн. Ошондой эле катуу жаан-чачын учурунда автожолдордо көрүү аралыгы начарлап, унаалардын кыймылына тоскоолдук жаралат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу этият болууга чакырат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты