Бишкек-Балыкчы каттамындагы поездди таш менен урган шектүүлөр аныкталды
- 12 месяцев мурун
Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын (ИИББ) кызматкерлери тарабынан Бишкек-Балыкчы каттамындагы поездди таш менен урган бейбаштык факты аныкталды. Ал окуяга 12, 14, 15 жаштардагы өспүрүмдөр шектелүүдө.
Бул тууралуу Чүй олустук ИИББ басма сөз кызматы билдирди.
2025-жылдын 25-июлунда белгисиз адамдар Чүй районунун аймагынан өтүп бара жаткан поездди таш менен урганы кабарланган. Бул факт Чүй РИИБге катталып, иликтөө иштери башталган. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү алынып ошондой эле видео камералар каралган.
Натыйжада окуяга тиешеси бар адамдар аныкталып, алар Чүй районунун 2010, 2011 жана 2013-жылы туулган үч өспүрүм экени аныкталган.
Бул иштин алкагында аныкталган өспүрүмдөр мыйзам жоопкерчилигине тартуу курагына жете электигине байланыштуу тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп, өспүрүмдөрдүн жана алардын ата-энелери менен түшүндүрүү иштери өткөрүлүп, эскертүүлөр берилди.
Чүй ОИИББ мындай аракеттер жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирип, олуттуу кесепеттерге алып келерин эскертет. Бейбаштык аракеттер үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилиги каралган.
Иллюстрациялык сүрөт: railway.kg




