Чүй ИИБ Балыкчы-Бишкек поездин таш менен ургандар боюнча текшерүү ишин баштады
- 4 месяца мурун
25-июлда болжол менен саат 21:47 чамасында Токмок аймагында Балыкчы-Бишкек багыты боюнча жүрүп бараткан жүргүнчү поезддин бир нече вагонун белгисиз адамдар таш менен ургулап, бейбаштык аракеттерди жасашкан.
Бул факт Чүй РИИБде катталып, текшерүү иштери башталды. Милиция кызматкерлери окуяга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүп жатышат.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча мыйзамынын негизинде тиешелүү чечим кабыл алынат
Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер бишкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Иллюстрациялык сүрөт: railway.kg
Муну бөлүшүү




