“Бишкек-Арена” стадионунун сметалык баасы 386 млн АКШ доллары болду

“Бишкек Арена” стадиону 386 млн долларга курулган. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов Фейсбук баракчасында билдирди.  

“60 млн долларга бүттү” деген жалган сөз. Тээ башында стадион курулуп баштаганда 30-35 миң адам бата турган стадион куруу планы болгондо Камчыбек Ташиев болжол менен 60 млн доллардын тегерегинде салынып бүтөт деп айтканын эшиттик. Бирок бул суммага жөн гана Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион сыяктуу жөнөкөй эле стадион куруу планы менен башталган. Бирок кийин Президентибиз Садыр Жапаров баштапкы долбоорду түп-тамырынан бери өзгөртүп: “Кыргыздын боз үйү сымал болсун, ичинде соода борборлору, ресторан-кафелери, супермаркети, кинотеатрлары, спорт залдары жана балдар ойной турган аянтчалары менен курулсун, антпесек бул стадион дагы бюджеттин мойнуна олтурат. Бул стадион келечекте киреше бере турган мекемеге айланыш керек” — деп тапшырма берген.  Ошентип долбоор түп тамырынан бери өзгөрүп, жалпы аянты 194 248 м² болду. Стадиондордун ар бир квадрат метри 2000 доллардан баштап 15 000 долларга чейин бүтөт экен” деди Аскат Алагөзов.

Долбоорду чоңойткон дагы бир себеби ФИФАнын талабы боюнча дүйнөлүк мелдештер өтө турчу стадионго 50 миңден кем эмес адам батыш керек экен.

Президенттин маалымат катчысы стадиондун курулушу, баасы боюнча кенен маалымат жарыялады:  

“Бишкек-Арена” стадиону:

-Жер тилкесинин аянты — 20 га (200 000 м²);

-Курулуштун жалпы аянты — 194 248 м²;

-Курулманын диаметри — 280 м;

-Бийиктиги — 70 м;

-Кабаттуулугу — 8 кабат;

-Көрүүчүлөр үчүн орундуктар саны — 51 252;.

-Сметалык баасы — 386 млн АКШ доллары:

-Соода борбордун жалпы аянты — 35 916 м²;

-48 дүкөн;

-1 супермаркет;

-18 соода күркөсү;

-23 ресторан.

-11 кафе;

-4 кинотеатр залы;

-Балдар ойноочу аянтча;.

-Спорт зал;

-Жалпы 5 087 м² аянттагы террасалар.

Мына ошентип, “Бишкек-Аренанын” курулушунун жалпы суммасы 386 млн доллар болуп жатат,-деп жазды президенттин маалымат катчысы Алагөзов.

Буга чейин президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов “Бишкек Арена» комплексинин курулушуна 60 млн доллар каражат кетти деген маалымат чындыкка туура келбей турганын Фейсбук баракчасында билдирген. Курулушка кеткен чыгымдарды тактоо үчүн атайын комиссия түзүлгөнүн жана 1-2 айдан кийин жыйынтыгы чыгып, так сумма айтылаарын кошумчалады.

Ал эми ага чейин социалдык тармактарда «Бишкек Арена» стадионунун баасы 60 млн доллар болгондугу тууралуу маалымат тараган.   

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты