«Бишкек Арена» ачылышына 700 автобус акысыз ташыйт
- 1 неделя мурун
- Жаңылыктар
Бүгүн, 5-октябрда, «Бишкек Арена» стадионунун ачылыш аземине келе жаткан жарандар үчүн Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан акысыз коомдук транспорт уюштурулду. Шаар боюнча 700 автобус каттамга чыгарылды.
Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы кабарлады.
Автобустар шаардагы 10 жерден «Бишкек Арена» стадионуна чейин жана кайра баштапкы багыттары боюнча каттайт.
Жарандарды стадионго жеткирүү саат 15:00дөн 18:00гө чейин жүргүзүлөт. Автобустар толушуна жараша, 4–6 мүнөттүк аралык менен жөнөп турат.
Акысыз автобус каттамдары төмөнкү багыттар боюнча уюштурулду:
1. №1 каттам: «Өчпөс от» (Ибраимов көчөсү – Фрунзе көчөсү) – «Бишкек Арена» – «Өчпөс от».
2. №2 каттам: «Батыш автобекети» (Жибек-Жолу көчөсү – Кулиев көчөсү) – «Бишкек Арена» – «Батыш автобекети».
3. №3 каттам: «Киркомстром» (Барпы Алыкулов көчөсү, 32) – «Бишкек Арена» – «Киркомстром».
4. №4 каттам: «Асанбай» кичи району (А. Токомбаев көчөсү, 3/7) – «Бишкек Арена» – «Асанбай» кичи району.
5. №5 каттам: «Ак-Кула» ат майданынын жанындагы автобекет– «Бишкек Арена» – «Ак-Кула» автобекети.
6. №6 каттам: «Аламүдүн-1» кичи району (Ауэзов көчөсү, 4) – «Бишкек Арена» – «Аламүдүн-1».
7. №7 каттам: «Көк-Жар» конушу (Ахунбаев жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилиши) – «Бишкек Арена» – «Көк-Жар» конушу.
8. №8 каттам: Т. Фрунзе көчөсү (Гагарин көчөсү, 284) – «Бишкек Арена» – Т. Фрунзе көчөсү.
9. №9 каттам: Абдымомунов көчөсү, 220 – «Бишкек Арена» – Абдымомунов көчөсү, 220.
10. №10 каттам: Сухэ-Батор көчөсү («Глобус» соода борбору) – «Бишкек Арена» – Сухэ-Батор көчөсү («Глобус»).
Иллюстрациялык сүрөт: Бишкек мэриясы




