“Бишкек Арена” 60 млн долларга салынган эмес. Аскат Алагөзов түшүндүрмө берди  

Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов “Бишкек Арена» комплексинин курулушуна 60 млн доллар каражат кетти деген маалымат чындыкка туура келбей турганын Фейсбук баракчасында билдирди. Курулушка кеткен чыгымдарды тактоо үчүн атайын комиссия түзүлгөнүн жана 1-2 айдан кийин жыйынтыгы чыгып, так сумма айтылаарын кошумчалады.   

“Соңку күндөрү социалдык тармактарда, айрым блогерлердин жана жарандардын баракчаларында “Бишкек Арена”комплексинин курулушуна “60 миллион доллар сарпталды” деген туура эмес маалыматтар активдүү тарап жатат. Бул билдирүүлөр чындыкка дал келбейт.  Бир дагы мамлекеттик орган же расмий тарап стадион “60 миллион долларга курулуп бүттү” деп айткан эмес” деди Аскат Алагөзов.  

Дүйнөлүк практикад 50-60 миң орундуу заманбап стадиондордун курулушу 500 млн доллардан кем болбой турганын, бирок биздеги стадион мынчалык кымбатка турбаганын да билдирди.

«Учурда курулушка кеткен чыгымдарды тактоо максатында атайын комиссия түзүлгөн. Анын курамына Эсеп палатасы, ИИМ, Прокуратура жана башка тиешелүү мамлекеттик органдар кирди.  Комиссиянын иши болжол менен 1-2 айга созулуп, бардыгын деталдуу карап чыгат жана анын жыйынтыгында курулуштун так, акыркы суммасы коомчулукка ачык жарыяланат“ деп жазды президенттин басма сөз катчысы.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты