«Бишкек Арена» ачылышына автобус акысыз ташыйт

Бүгүн, 5-октябрда, «Бишкек Арена» стадионунун салтанаттуу ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген жөнөө пункттарынан «Бишкек Аренага» чейин жана кайра кайтууда акысыз автобус каттамдарын уюштурары маалым. Жалпысынан 10 автобус каттамы тартылат.

Жарандарды «Бишкек Аренага» жеткирүү саат 15:00дөн 18:00гө чейин жүргүзүлөт.

Жөнөө пункттары жана каттамдар:
№1: «Өчпөс от» (Ибраимов көчөсү – Фрунзе көчөсү) → «Бишкек Арена».

№2: «Батыш автобекети» (Жибек Жолу проспекти – Кулиев көчөсү) → «Бишкек Арена».

№3: «Киркомстром» (Барпы Алыкулов көчөсү, 32) → «Бишкек Арена».

№4: Асанбай кичи району (А. Токомбаев көчөсү, 3/7) → «Бишкек Арена».

№5: «Ак-Кула» автобекети (Кожомкул айылы, Фрунзе көчөсү, 13Б/1) → «Бишкек Арена».

№6: Аламүдүн-1 кичи району (Ауэзов көчөсү, 4) → «Бишкек Арена».

№7: Көк-Жар конушу (Ахунбаев көчөсү – Достоевский көчөсү) → «Бишкек Арена».

№8: Т. Фрунзе көчөсү (Гагарин көчөсү, 284) → «Бишкек Арена».

№9: Абдумомунов көчөсү, 220 → «Бишкек Арена».

№10: Сухэ-Батор көчөсү («Глобус») → «Бишкек Арена».

«Бишкек Аренанын» расмий ачылыш аземинде коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо максатына 5 миң милиция кызматкери тартылат.

5-октябрда Бишкек шаарында жайгашкан мамлекеттик, муниципалдык жана билим берүү мекемелери онлайн форматка өтөт.

Көрүлүп жаткан чаралар «Бишкек Аренанын» ачылыш аземи өтүп жаткан учурда коомдук тартипти камсыз кылууга жана борбор калаанын тургундары менен конокторунун эркин жүрүп-туруусуна ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталган.

Иллюстрациялык сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты