“Бишкек Арена” стадионунун расмий ачылышы сентябрдын аягында болот
- 2 месяца мурун
“Бишкек Арена” стадионунун расмий ачылышы сентябрь айынын аягында болот. 31-августта бул стадиондо Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы гана өтөт.
Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алакөзов Фейсбук социалдык тармагында билдирди.
“Бишкек Аренада” 31-августта Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы өтөт. Оюнга катышкан командалар парады өлкө башчыларынын катышуусунда өтүп, чакан концерттик программа тартууланат.
“Бишкек Арена” стадионунун расмий ачылышы жалпы кыргызстандыктардын катышуусунда сентябрдын аягына чейин шаан-шөкөт, эстрада жылдыздарынын концерти менен өтмөкчү.
51 миң көрүүчүгө ылайыкталган «Бишкек арена» стадиону Кыргызстандагы эң чоң футбол аренасы болуп калат. Долбоордун баасы 60 млн долларга жакын болорун 2024-жылы УКМК экс-төрагасы Камчыбек Ташиев айткан. Ал Орок айылына салынган.
Объект FIFA жана AFC эл аралык стандарттарына ылайык курулуп жатат. Ббул өлкөдө ири эл аралык беттештерди жана мелдештерди өткөрүүгө шарт түзөт.
Сүрөттө: «Бишкек Арена» стадиону




